Мигранттарды Кыргызстандагы курулушка тартуу сунушталды. Бул тууралуу депутат Нурлан Шакиев бүгүн, 10-мартта Жогорку Кеңештин жыйынында билдирди.
Анын айтымында, Россия менен Украинанын ортосундагы согуштун айынан Кыргызстан чоң жоготууга учурап жатат.
«Кырдаалга байланыштуу мигранттарыбыз эмне кылаарын билбей жатышат. Алардын көпчүлүгү рублдин арзандаганынан улам жумушсуз калууда. Көпчүлүк жумуштар жабылууда. Биздин министрлер кабинети буга чара көрүшү керек. Көптөгөн курулуш иштеринде жумушчулар жетишпейт деп жарыялаган вакансиялар көп. Мамлекеттик органдар курулуш компаниялары менен бирге мигранттарды иш менен камсыздашы керек», — деди Шакиев.