Нурланбек ШАКИЕВ: “Кумтөрдүн” айынан бир топ адамдардын тагдырында өзгөрүүлөр болгон”

13-апрель, 2022-ж. / Редакция / Жаңылыктар 42

“Кумтөрдүн”элибиздин энчисине өткөндүгүнө байланыштуу, оозунда маанилүү кеби, калыс пикири бар, өз позициясынан кайтпаган эл өкүлү Нурланбек Шакиевди кептке тартып баарлаштык.

 — Нурланбек Тургунбекович, өткөн жумада Президент Садыр Нургожоевич “Кумтөр” алтын кени толугу менен кыргыз элине биротоло кайтарылгандыгы тууралуу кайрылуу жасады. Президенттин бул кадамын кандай баалайсыз?

— “Кумтөр” 25 жылдан бери чоң көйгөй эле эмес, Кыргыз Республикасындагы олуттуу маселе болчу. Ага байланыштуу кандай гана терс иштер болбой койгон жок. Ошол эле учурда саясий чайкоочулуктар да болду. “Кумтөрдүн” айынан бир топ адамдардын тагдырында өзгөрүүлөр болгон. Маселен, кыргыздын белгилүү чыгаан саясатчысы, биринчи премьер-министр Насирдин Исановдун жол кырсыгынан каза болушун, ушул “Кумтөргө” байланыштырышат. Бир катар өкмөт башчыларынын кызматка келип, кетишин дагы “Кумтөргө” байланыштырып жүрүшөт.

Кечээки “Кумтөр” маселеси боюнча бир катар мурдагы өкмөт башчылар, министрлер УКМКнын абагына камалып да чыгышты. Мунун өзү “Кумтөр” ушунчалык көйгөйлүү жана оор маселе экенинен кабар берет. Алгач кыргыз эли “ушул “Кумтөрдөн” мамлекетибиз өсүп-өнөт, экономикабыз жогорулайт, элдин жашоосу жакшырат” деген үмүт, ишеним менен жашап келген. Тилекке каршы “Кумтөрдө” биз ойлогондой чоң иштер болгон жок. Балким учурунда бир катар биздин мамлекеттик чиновниктерибиздин социалдык абалын жакшырткан болушу мүмкүн. Бирок, элдин жашоосуна пайдасы тийген эмес. Ошонун негизинде азыркы өлкө башчыбыз Садыр Жапаров, УКМК жетекчиси Камчыбек Ташиевдер “Кумтөр” элге өтүшү керек! Аны улутташтырышыбыз зарыл!” дешип, куугунтукталып камалып да чыгышканы баарыбызга маалым. “Кумтөр” 25 жылда ушундай чоң ызы-чуулардын коштоосунда келсе да, ага чекит коюлган эмес. Садыр Жапаров шайлоо алдында “Биз “Кумтөрдү” мамлекеттин, элдин энчисине өткөрүп алабыз” деп убада берген. Анткен менен эмнегедир жеке кыргыз коомчулугу эле эмес, дүйнө коомчулугу да ишенген эмес. Себеби, буга тобокелчилик, чоң эрдик керек болчу. Анын үстүнө “Бир катар эл аралык байкоочулар буга көз салып турат. Инвесторлорду чоочутуп алабыз. Мунун зыяны чоң болот. Оңой менен бүтпөйт” деген сөздөр көп болгон. Ага карабай Өлкө башчысы Садыр Жапаров баш болгон “Кумтөр” боюнча сүйлөшүүлөрдү жүргүзгөн атайын топ туура иш алып барып, натыйжасында чыр-чатаксыз, жаңжалсыз, аны өзүбүздүн мамлекеттин, элдин менчигине өткөрүп алдык. Мындан улам, алтын кендин тынчтык жолу менен өткөндүгү ушунчалык маанилүү экенин ушундан билсек болот. Учурда коңшу өлкөлөрдүн башчылары “Кумтөрдүн” тынчтык жолу менен элге өткөнүн куттуктап жатышат. Керек болсо буга Бириккен Улуттар Уюмунан да реакция болду. Айтор, абдан жакшы көрүнүш, чечкиндүү кадам болду.

— “Кумтөрдү” өзүбүзгө өткөргөнүн өткөрүп алдык. Эми кантип иштетебиз? Сизде кандайдыр бир сунуш-пикирлер барбы?

— Туура. Кантип иштетебиз? Кеп ушунда. Мамлекет мындай чоң байлыкты, чоң ишкананы өз менчигине алып иштетүүдө өтө аяр жана бекем болушу керектигин баарыбыз эле билип турабыз. Антпесе бул жерден коррупциялык элементтер, жең ичинен сол чөнтөккө соломойлор орун алышы мүмкүн. Мына ушундай коркунучтар бар. Ушундан этият болуп, мындан ары кандай башкаруу киргизерибизди ойлонушубуз керек. “Кумтөрдөн” дагы 150 тоннадай алтын алабыз деп жатабыз. Бул 5 млрд долларга жакын киреше болот. Башкача айтканда аябай чоң байлык жатат. Андыктан, Кыргыз Республикасы өзүнө кайтарып алганы бир эрдик болсо, экинчиден аны талаптагыдай иштетип кетүү андан чоң эрдикти талап кылат. Сунушум – “Кумтөрдө” чоң элдик көзөмөл же өзүнүн байкоочу кеңеши сөзсүз түрдө болушу зарыл. Ансыз ар кандай бүдөмүк ойлор, шек саноолор жарала бериши мүмкүн. Ошол себептен, атайын адистерден, жарандык коомдун мүчөлөрүнөн “Кумтөрдүн” мындан аркы ишмердүүлүгүнө көз салып тура турган, мамлекеттен сырткары дагы атайын коомдук көзөмөл түзүлүшү керек.

— “Бүткөн ишке сынчы көп” дегендей, Президенттин “Кумтөр” боюнча кайрылуусунан кийин айрымдар “Центерранын калдыктары калып калды”, “Бул бийлик мактанып жатат” деген сыяктуу терс пикирлерин айтышууда. Буга кандай карайсыз?

— Албетте, өзүңүз айткандай, бүткөн ишти сындагандар арбын болот. Тилекке каршы, бизде айрымдар өздөрү кыла албайт, кылганды көрө албайт. Ошондой эле, эрдик кылган, иштеген азаматтарды баалай алышпайт. Жогорудагыдай ойлорду айткандар мурда “Кумтөрдү” улутташтыруу маселеси көтөрүлгөндө өздөрүнүн бараандуу салымын кошуп же болбосо алгылыктуу иштерди жасаган болсо бир жөн. Ал учурларда деле алар ортозаар көз караштагы сунуштарды айтып жүрүшкөн. Конкреттүү бир дагы кадам жасай алышкан эмес. Эми антип айткандар боло берет. Бирок, дээрлик көпчүлүк эл, коомчулук бийликтин бул кадамына ыраазы. Ал эми “Кумтөрдөгү” калдыктарды зыянсыздандырууга “Центеррадан” бир нече миллион акча каражаты бериле турган болду. Ошону эффективдүү пайдаланып, ал маселени чечип алышыбыз зарыл.

— Учурда бийлик жетекчилери “Кумтөр” ишканасынан тышкары дагы бир топ долбоорлорду ишке ашырууну пландап жаткандай…

— Ооба. “Кумтөр” го аябай чоң долбоор. Андан сырткары “Жетим тоону иштетебиз” деп жатышат. Дагы бир топ алтын кеңдерин иштете турган “Улуу көчмөндөр мурасы” деген чоң мамлекеттик компания түзүлдү. Анын алкагында ушундай элдин келечегине оң таасирин бере турган жаңы технологияларга, өндүрүш заводдорун кура турган, элди иш менен камсыз кыла турган, өбөлгө болчу стратегиялык пландарды пландашууда. Мисалы, ошол эле “Камбар Ата” ГЭСинин курулушун мамлекет өз мойнуна алып, аны баштады. Келечекте абдан жакшы курулуш болгону турат. Андан сырткары Бишкек-Балыкчы темир жолу 74 жыл мурда курулуп, ошол кездеги Кыргызстандын жетекчиси Исхак Раззаков ачылышын кылган экен. Андан бери өлкөдө темир жол курулган эмес. Жакында 31-мартта “Кыргыз темир жолу” ишканасынын өзүнүн аракети менен ишке аша турган “Балыкчы-Кочкор-Кара-Кече темир жолунун курулушуна Президент Садыр Жапаров капсула салып баштап берди. Бул дагы чоң ийгиликтин башаты. Мындай иштерди жалаң эле сырттан инвестор издеп же олчойгон насыяларды алып жасагандан алыс болуп, мамлекет өзү мойнуна алып жатканы, бул кубаттай турган кадам. Андыктан, алгылыктуу аракеттерди колдошубуз гана керек.

№33 «Эркин-Тоо» гезити
2022-жылдын 12-апрели
Жазгүл КАРБОСОВА

13-апрель, 2022-ж. / Редакция / Жаңылыктар 42
Бөлүшүү: Telegram WhatsApp X