Өчпөгөн жылдыз

3-ноябрь, 2026-ж. / Редакция / Маданият 57

Мындан бир нече жыл мурун журналист, жазуучу, түпкүлүгүндө маданият кызматкери Сталбек Абдыраев “Өчпөгөн жылдыз” деген китеп жазды эле. Анда легендарлуу диктор, обончу-аткаруучу, эл сүймөнчүлүгүнө айланган Жолдубай Кайыповдун өмүр жолу чагылдырылган.

Өткөн жуманын соңунда Опера жана балет театрында Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген артисти, 80-жылдардагы кыргыз телекөрсөтүүсүнүн жүзү Жолдубай Кайыповдун 80 жылдыгы белгиленди. Адатта мындай иш-чаралар өткөрүлгөн театрлар, жыйындар залдары толбой калат эмеспи. Бул жолу андай болгон жок. Мындан 42 жыл мурун эле көзү өтүп кеткен залкар инсандын урматына чогулгандар театрдын ичине батпай калды. Дегеним, жогоруда С.Абдыраев досум айткандай Жолдубай Кайыповдун чынында эле өчпөгөн жылдыз экендиги ушунда бир көрүндү. Легендарлуу диктордун замандаштары, чогуу иштешкен кесиптештери, мурун-кийин көрүп-билгендер анын өзгөчө таланты, экрандагы кайталангыс ажары, калк арасына сиңип калган кадыр-баркы туурасында айтып беришти.

Өз сөзүндө Кыргыз Республикасынын мамлекеттик катчысы А.Койчиев: “Ж.Кайыповдун элеси биздин муун менен гана өтөт го десек андай эмес экен. Ал азыркыга чейин элдин жүрөгүндө жашап келиптир. Азыр биз мына ушундай улут сүйгөн, жалпы эл сүйгөн адамдарга муктажбыз”- деп белгиледи.

Дегеле Ж.Кайыпов жөнүндө сөз болгондо ал кезегинде Россия, Казакстан дикторлору катышкан сынакта 1-орунду алгандыгын белгилеп коюу ашыктык кылбайт. Мына ушунун өзү эле Кыргызстандын чегинде эле эмес, бүткүл союздун алкагында жогору баага татыганын көрсөтүп турат. Ал эми анын обончулугу өзүнчө сөз кылууга арзыйт. Ж.Кайыпов 37 жылдык кыска өмүрүндө 70тен ашуун ырларга обон жаратып, эл арасына кеңири тарап кеткен. Анын “Атам менен энеме”, “Мекеним”, «Көл үстүндө”, “Алгачкы сүйүү”, ”Жашчылык”, “Кел, бийлейли, ырдайлы” аттуу ырлары классикага айланып, азыркы күнгө чейин улам кайра жаралып ырдалып келет. Анын аткаруучулук чеберчилиги, жагымдуу үнү ырдын ыргагын ого бетер кооздоп, жагымдуулугун арттырып турар эле.

Табиятынан демилгечил, жаны тынбаган Ж.Кайыпов кыргыз телекөрсөтүүсүндө жөн гана дикторлук кесип менен чектелбей, бир катар теледолбоорлорго автор болгон. “Ыр кесе”, “Тогуз кайрык”, ”Кубулжу менин ырларым” аттуу телеберүүлөр эл чыдамсыздык менен күтүп көргөн программаларга айланган. Ж.Кайыпов жарык маанай, жаркын жүзү менен тарых болуп калды.

Белгилүү режиссёр, Кыргыз Республикасынын эл артисти Балташ Кайыповдун мындай эскергени бар экен: ”Таланттар көп. Бирок, диктор болууга келгенде жакшынакай өң-келбет, уккулуктуу үн гана болбостон сөз таба билүү да керек. Мына ушунун үчөө тең Жолдубайда бири-бирине жуурулушуп турчу”.

Айтайын дегеним, ушунча жылдардан бери элдердин эсинен чыкпай, өчпөгөн жылдыздай жанып келгени анын кайталангыс таланты менен жуурулушкан адамгерчилигинен улам болсо керек.

“Борбордук Азиянын эң мыкты диктору” атыккан, атак-даңктуу, залкар инсандын 80 жылдыгына арналган Опера жана балет театрындагы иш-чара анын обондуу ырлары, легендарлуу диктордун өмүр жолуна арналган сценкалар менен коштолду.

Курманбек Рыспаев

3-ноябрь, 2026-ж. / Редакция / Маданият 57
Бөлүшүү: Telegram WhatsApp X