ӨКМ жарандарды турак жайлардагы өрт коопсуздугун сактоого чакырат
Акыркы жылдары турак жай секторунда катталган өрт кырсыктарынын басымдуу бөлүгү жарандардын өрт коопсуздугунун талаптарын сактабаганынан улам келип чыгууда. Бул тууралуу Бишкек шаарынын Свердлов району боюнча Өзгөчө кырдаалдар бөлүмү маалымдады.
Маалыматка ылайык, өрттөрдүн негизги себептеринин катарында өчүрүлбөй ташталган тамеки калдыктары, электр тармагына кошулган бойдон унутта калган тиричилик шаймандары, бузук электр жабдуулары жана чоңдордун көзөмөлүсүз калган балдары бар. Мындай учурлар турак үйлөрдүн жана мүлктөрдүн күйүп кетишине гана эмес, адам өмүрүнө коркунуч жаратып, айрым учурларда кайгылуу окуялар менен аяктоодо.
Өрт кырсыктарынын алдын алуу максатында куткаруучулар жарандарды өрт коопсуздугунун жөнөкөй эрежелерин так сактоого чакырышат. Тактап айтканда, балдарды кароосуз калтырбоо, ширеңке жана башка күйүүчү каражаттарды жаш балдардын колу жетпеген жерде сактоо, күйүп турган тамекини туш келди таштабоо, ошондой эле электр жана газ шаймандарын иштеп турган абалда кароосуз калтырбоо зарыл.
Мындан сырткары, электр жылыткычтарын тез күйүүчү буюмдардан алыс жайгаштыруу, газ плитасынын үстүнө кир кургатпоого көңүл буруу жана жашы жете элек балдардын газ же электр жабдууларын өз алдынча пайдалануусуна жол бербөө сунушталат. Ошондой эле өрт кооптуулугу жогору болгон суюктуктарды жана заттарды колдонууда өзгөчө сактык чараларын көрүү талап кылынат.
Адистердин айтымында, өрт чыккан учурда эң оболу айланадагыларга кабар берип, 101 кызматына чалуу керек. Андан соң адамдарды коопсуз жерге эвакуациялап, жабыркагандар болсо биринчи медициналык жардам көрсөтүү зарыл. Мүмкүнчүлүк болгон учурда материалдык баалуулуктарды жана үй жаныбарларын коопсуз жайга чыгаруу сунушталат.
ӨКМ жарандарды өздөрүнүн жана жакындарынын коопсуздугу үчүн өрт коопсуздугунун эрежелерин так сактоого чакырат.