ӨКМге жаңы орун басар дайындалды
Замирбек Надырбеков Өзгөчө кырдаалдар министринин орун басары болуп дайындалды.
Белгилей кетсек, буга чейин бул кызматты Алмазбек Асанов аркалап келген. Ал Ала-Арча тоолорунда 14 жаштагы Амир Кунакуновдун каза болушуна байланыштуу жагдайларды текшерүүнүн жыйынтыгында кызматынан бошотулган.