Өкмөт күйүүчү майдын баасын кармоо үчүн салыктык жеңилдиктерди киргизет

14-май, 2026-ж. / Редакция / Жаңылыктар 127

Министрлер Кабинетинин Төрагасы Адылбек Касымалиев өкмөт күйүүчү майдын баасынын кескин өсүшүнө жол бербөө үчүн салыктык жеңилдиктерди киргизерин билдирди. Бул тууралуу ал 13-майда журналисттерге маалымат берип жатып айтты.

Анын айтымында, дүйнөлүк биржаларда дизелдик отундун баасы эки эсеге чейин, ал эми бензин 60-70 пайызга кымбаттаган. Өкмөт Кыргызстандагы бааны турукташтыруу үчүн тиешелүү чараларды көрүп жатат.

Касымалиев күйүүчү майдын кымбатташы жер семирткичтерге жана азык-түлүккө дагы таасир этерин белгиледи.

“Коңшу өлкөлөрдө баа кыйла өсүп кетти. Биз азырынча кармап турабыз. Бирок дүйнөлүк кырдаалга байланыштуу баалар баары бир өсөт”, — деди ал.

Ошондой эле Министрлер Кабинетинин Төрагасы күйүүчү майды ташуу жана сатуудагы айрым салыктар боюнча жеңилдиктер каралып жатканын, тиешелүү токтомдор жакын арада жарыяланарын кошумчалады.

Бөлүшүү: Telegram WhatsApp X