"Эркин-Тоо"

Окуу жылын кайрадан 1-сентябрда баштоо сунушу министрликте талкууланууда

Билим берүү жана илим министрлиги окуу жылынын мөөнөтү боюнча ата-энелерден жана окуу жайларынан түшүп жаткан сунуш-кайрылууларды изилдеп жатат. Бул тууралуу 6-июнда Жогорку Кеңештин Социалдык саясат комитетинин отурумунда министрдин орун басары Расул Авазбек уулу билдирди:

“Бизге да көптөгөн кайрылуулар келип жатат ата-энелерден жана окуу мекемелеринен, анын ичинде өзгөчөлүгү бар окуу жайлардан да. Кайрылуу-даттануулар боюнча министрдин кабары бар, аппаратка бул боюнча тапшырма берген. Артыкчылыктар, тобокелчиликтер жана коркунучтар жөнүндө”.

Маселени депутат Аида Исатбек кызы көтөрүп чыгып, көп ата-эне кайрылып жатканын айтты:

“Биздин мектептердеги класстарда 40-50 бала окуйт. Күн ысыганда чоң көйгөй болууда. Балдар чарчап жатат, маалыматты өздөштүрө алышпайт. Кайрадан 1-сентябрдан 25-майга чейинкидей тартипке алып келе алабызбы? Жок, алып келе албайбыз десек, анда иш жүргүзүш керекпи деп ойлойм, класстарга кондиционер орнотуп, шарт түзүп…”

Кыргызстанда 2021-жылы жаңы окуу жылын адаттагыдай 1-сентябрда эмес, эки жума кечирээк, 15-сентябрда баштоо жана июндун ортосунда жыйынтыктоо тууралуу чечимин өкмөт кадимки окуу тартибине коронавирус боюнча эпидемиологиялык абалдан кийин бара-бара өтүп, билим берүүнүн сапатын камсыз кылуу максатында барып жатканы менен түшүндүргөн жана мунун мугалимдердин айлыгына, окуу процессине терс таасири болбой турганын билдирген. Окуу жылы 8-июнда аяктап, 9-июнда “Акыркы коңгуроо” майрамы өткөнү жатат

Please wait while flipbook is loading. For more related info, FAQs and issues please refer to DearFlip WordPress Flipbook Plugin Help documentation.

Пример HTML-страницы
error: Content is protected !!