Окуучуларды мектептен мектепке которуу электрондоштурулат

26-январь, 2026-ж. / Редакция / Билим 123

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы – Президенттин Администрациясынын жетекчиси Адылбек Касымалиев аппараттык кеңешме өткөрүп, билим берүү жана туризм тармактарына санариптик механизмдерди киргизүү маселелерин талкуулады.

Кеңешмеде окуучуларды бир мектептен экинчи мектепке которууну электрондук форматка өткөрүү демилгеси көтөрүлдү. Маалыматка ылайык, азыркы учурда мындай иштер кагаз жүзүндө жүргүзүлүп, бул ыңгайсыздыкты жана коррупциялык тобокелдиктерди жаратат. Адылбек Касымалиев электрондук система класстардагы бош орундарды автоматтык түрдө көрсөтүп, ата-энелер үчүн процессти ачык жана түшүнүктүү кыларын белгиледи. Жыйынтыгында Билим берүү министрлигине бул системаны кыска мөөнөттө иштеп чыгып, ишке киргизүү тапшырмасы берилди.

26-январь, 2026-ж. / Редакция / Билим 123
Бөлүшүү: Telegram WhatsApp X