Окуучуларынын өлүмү боюнча Билим берүү министрлиги билдирүү жасады
Ушул аптада белгилүу болгон жана катталган мектеп окуучуларынын өлүмүнө байланыштуу Билим берүү жана илим министрлиги билдирүү жасады.
Министрлик ар бир факт Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык, тиешелүү мамлекеттик органдар тарабынан тергелип жатканын белгиледи.
«Ошону менен катар Билим берүү жана илим министрлиги да өз компетенциясынын чегинде ар бир факт боюнча тергөө амалдарын жана кызматтык териштирүүлөрдү объективдүү жүргүзүүнү, өспүрүмдөр арасында түшүндүрүү иштерин күчөтүүнү, кылмыштуу окуялардын алдын алууну, балдарды тарбиялоого өзгөчө көңүл бурууну тиешелүү органдардан жана мекеме-уюмдардан талап кылууда», — деп айтылат маалыматта.