Онкологдор 4-майда акысыз консультация беришет

30-апрель, 2022-ж. / Редакция / Медицина 43

Кыргыз мамлекеттик медициналык академиясынын Онкология кафедрасынын башчысы Үмөталы Саяков өлкөдө жылына онкологиялык оору менен жабыркаган 5-6 миңдей адам катталарын билдирди.

Анын айтымында, өлкөдө бейтаптардын 50 пайызы илдет өтүшүп кеткенде дарыгерге кайрылат. Ошол себептен КММАнын онкология кафедрасынын Республикалык диагностикалык борборунда 4-майда (бир эле күн) саат 12:00дөн баштап бейтаптарга акысыз консультация берип жана текшерүү жүргүзүлөт.

Акциянын алкагында уролог, маммолог, гинеколог, проктолог, дерматолог, эндокринолог, гастроэнтеролог, гематологдор иштейт.

30-апрель, 2022-ж. / Редакция / Медицина 43
Бөлүшүү: Telegram WhatsApp X