"Эркин-Тоо"

Орхан Инандыга байланыштуу кырдаал боюнча кезектеги ыкчам кеңешме өттү

Кыргыз Республикасынын Коопсуздук кеңешинин катчысы Марат Иманкулов 3-июнда, Кыргыз Республикасынын жараны Орхан Инандыга байланыштуу кырдаал боюнча укук коргоо органдарынын жетекчилери менен кезектеги ыкчам кеңешмесин өткөрдү.

Кеңешмеде ИИМ менен УКМКнын өкүлдөрү Орхан Инандыны издөө боюнча ыкчам-тергөө иш-чараларынын жүрүшү тууралуу маалымат беришти.

Коопсуздук кеңешинин катчысы Марат Иманкулов Орхан Инандынын кайсы жерде экенин тезинен аныктоо боюнча ведомстволор аралык координацияны, өз ара аракеттенүүнү күчөтүү жана бардык зарыл болгон ыкчам-тергөө чараларын көрүү зарылдыгын дагы бир жолу белгиледи.

Пример HTML-страницы
error: Content is protected !!