Орхан Инандыны издөө боюнча күчөтүлгөн ыкчам-иликтөө иштери жүрүп жатат

Бул тууралуу ИИМдин басма сөз кызматы билдирди. Кыргызстандын жараны “Сапат” билим берүү мекемесинин башчысы Орхан Инандыны издөө иштери боюнча сотко чейинки өндүрүш иши Ички иштер министри милициянын генерал-майору Улан Ниязбековдун көзөмөлүндө,-делет маалыматта. Кечээ Кыргыз Республикасынын президенти Садыр Жапаров Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети жана Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигине Кыргыз Республикасынын жараны Орхан Инандыны издөө боюнча тергөө-оперативдик иштерди күчөтүүнү жана кошумча күчтөрдү тартууну тапшырган. Бирок, азырынча издөө иштеринин натыйжалары тууралуу маалыматтар бериле элек.

Бөлүшүү: Telegram WhatsApp X