Митинг: Орхан Инандыны тапкандарга 1 млн доллар сый акы берилет
«Сапат» билим берүү мекемесинин бүтүрүүчүлөрү мекемесинин президенти Орхан Инандыны тапкандарга 1 млн доллар сый акы беришет. Бул тууралуу бүгүн, 4-июнда өтүп жаткан митингде айтылды.
«Агайыбыздын уурдалганына төрт күн өттү, андан бери издөө иштеринде эч кандай жылыш болгон жок. Биз бүгүн бүтүрүүчүлөр менен кеңешип, ким Орхан Инандыны тапса, ага 1 млн доллар берели деп чечтик. Бул убадабызга турабыз», — дешет митингдин катышуучулары.
Орхан Инандынын уурдалганына бүгүн төрт күн болду. Аны табууну талап кылгандар бүгүн да Өкмөт үйүнүн алдына митингге чыкты.