Орозо айы апрель айынын алгачкы күндөрүнө туш келет. Бул тууралуу Кыргызстан мусулмандар дин башкармалыгы билдирди.
Бирок, так датасы дале айтылган жок. Анткени рамазан Ай жаңыргандан тарта башталат жана ай календары Григорян календарына караганда 11 күнгө кыска. Буга байланыштуу орозо жыл сайын өткөн жылга салыштырмалуу 11 күнгө эрте башталат.
Өткөн жылы аталган ай 13-апрелде башталып, Орозо айт майрамы 13-майга туш келген.