Орто-Токой суу сактагычынын жанынан куралдар жана ок-дарылар табылган

26-март, 2022-ж. / Редакция / Аймак 49

Нарын облусунун Кочкор районуна караштуу Семиз-Бел айылындагы Орто-Токой суу сактагычынын жанынан курал-жарак жана ок-дарылар сакталган жай табылган. Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматы билдирет.

Ыкчам издөө иш-чараларын УКМК Нарын облустук ИИБдин, Чек ара кызматынын аскер бөлүгүнүн кызматкерлери менен биргеликте жүргүзгөн.
Маалыматка ылайык, аталган жайдан эки кырдуу жылмакай курал, бир жылмакай аңчылык куралы, бир майда калибр мылтыгы, бир «Сайга-410» карабини жана 59 даана ар кандай калибрдеги октор табылган.
«Табылган бардык курал-жарактар менен ок-дарылардын сериялык номерлери, анын ичинде гильзалардагы маркировка маалыматтары өчүрүлгөн болуп чыкты», — деп айтылат маалыматта.
УКМКдан учурда аталган курал-жарактарды сактоочу жайды уюштурган адамдарды аныктоо максатында тиешелүү ыкчам-тергөө иш-чаралары жүргүзүлүп жаткандыгын кошумчалады.
26-март, 2022-ж. / Редакция / Аймак 49
Бөлүшүү: Telegram WhatsApp X