Орунтаев 13 жылдан бери бүтпөгөн курулушту колго алат

2-ноябрь, 2026-ж. / Редакция / Жаңылыктар 73

Бишкек шаарындагы Көк-Жар конушунда 2013-жылдан бери курулушу бүтпөй турган 360 батирлүү турак жай комплексин аягына чыгаруу үчүн инвестор тартуу сунушталды. Бул тууралуу Курулуш министри Нурдан Орунтаев объект менен таанышып, үлүш ээлери менен жолукканда билдирди.

Маалыматка ылайык, Молдокулов көчөсүндө жайгашкан турак жай комплексинин курулушун «Кыргыз-Арабиан Альхнейзи» жана «ОППС Строй» компаниялары баштаган. Бирок объект ушул күнгө чейин пайдаланууга берилбей, үлүш ээлери батирлерин ала албай келишет.

Орунтаев курулушту бүтүрүү үчүн министрлик инвестор тартууга даяр экенин билдирди. Анын айтымында, мамлекет бул демилгеден пайда табууну көздөбөйт. Негизги максат — жарандардын көйгөйүн чечип, турак жайды бүтүрүү.

Үлүш ээлери сунушту колдой тургандыктарын билдиришти. Алар объектти министрликтин карамагына өткөрүүгө макул экенин расмий кат жүзүндө билдирип, тиешелүү кайрылуу жолдошмокчу.

Мындан тышкары, курулуш компанияларынын ишмердүүлүгүнө укуктук баа берүү жана мыйзам чегинде чара көрүү үчүн материалдар укук коргоо органдарына жөнөтүлөт.

2-ноябрь, 2026-ж. / Редакция / Жаңылыктар 73
Бөлүшүү: Telegram WhatsApp X