Орунтаев куруучуларга: Нөлдүк циклден өтмөйүнчө батир сатпагыла
18-ноябрда Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министри Нурдан Орунтаев 100дөн ашык курулуш компаниясынын жетекчилери менен жыйын өткөрдү.
Жолугушууда курулуш объектилеринин санитардык абалы, жаңы талаптардын аткарылышы, компаниялардын жоопкерчилиги жана батир сатып алуучулардын укуктарын коргоо маселелери талкууланды.
Министр курулуш аянтчаларын жана алардын айланасын таза кармап, калдыктарды өз убагында чыгарууну талап кылды. Ал курулуш компаниялары «Тазалык» ишканасынын кызматкерлерине кошумча жумуш жаратпашы керектигин белгиледи. Мындан ары объектилердин санитардык абалы Мамлекеттик архитектура-курулуш контролдоо департаменти тарабынан туруктуу көзөмөлдөнөт.
Ошондой эле Орунтаев курулуш объектилери нөлдүк циклден чыкмайынча батирлерди жарнамалоого жана сатууга тыюу салынганын эскертти. Ал компания жетекчилерин бул талапты так сактоого чакырып, долбоорлордун каржылык милдеттенмелерин алдын ала пландаштыруунун маанилүүлүгүн белгиледи.
Министрдин айтымында, бул чаралар жарандардын турак жай сатып алууда тобокелдиктерге туш болушуна жол бербөөгө багытталган. Мамлекет курулуш тармагындагы ишкерлерди колдойт, бирок мыйзам талаптарын бузган компанияларга карата тиешелүү чаралар көрүлөт.
Мындан тышкары, курулушта чет өлкөлүк алдыңкы технологияларды колдонуу, заманбап долбоорлоо ыкмаларын киргизүү жана жаңы курулуш ченемдерин сактоо зарылдыгы айтылды.
Жыйын суроо-жооп форматында өтүп, курулуш компанияларынын жетекчилери тармактагы көйгөйлөрдү жана сунуштарын ортого салышты.