Орунтаев «Раян Билдингдин» үлүш ээлери менен жолукту
Бүгүн, 17-ноябрда, курулуш министри Нурдан Орунтаев “Раян Билдинг” компаниясынан турак жай сатып алуу үчүн каражат салган жарандар менен жолукту.
Жолугушууда компаниянын Бишкек шаарындагы жана Чүй облусундагы курулушу бүтө элек объектилеринин абалы талкууланды. Жарандар курулушу токтоп турган үйлөрдү мамлекеттин карамагына өткөрүп, курулуш иштерин аягына чыгарууга көмөк көрсөтүүнү өтүнүштү.
Маалыматка ылайык, компанияга тиешелүү Күйүков көчөсүндөгү №94 жана 96 үйлөр, Кант шаарындагы “Октавия” турак жай комплекси каркас баскычында турат. Көк-Жар конушундагы “Сан-Таш” комплексинин курулушу баштала элек болсо, Каркыра көчөсүндөгү “Бай Мурас” комплексинде нөлдүк цикл иштери жүргүзүлгөн.
Жолугушуунун жыйынтыгында министр тиешелүү адистерге ар бир объекттин абалын, курулушту аяктоо мүмкүнчүлүгүн жана ага керектелүүчү каражатты эсептеп чыгуу тапшырмасын берди.
Ошондой эле Нурдан Орунтаев жакынкы күндөрү аталган объектилерди жеринен көрүп, курулуш иштеринин жүрүшү менен тааныша турганын билдирди.