Орунтаев токтоп калган үйдү 5 айда бүтүрүүнү убада кылды

4-ноябрь, 2026-ж. / Редакция / Жаңылыктар 66

Курулуш министри Нурдан Орунтаев Бишкекте бир нече жылдан бери батирлерин ала албай жүргөн «Солнечный» турак жай комплексинин үлүш ээлери менен жолукту.

Жолугушууда министр курулушту аягына чыгаруу үчүн объектти мамлекеттин карамагына өткөрүп, иштерди министрликтин көзөмөлү алдында бүтүрүүнү сунуштады.

Орунтаевдин айтымында, үлүш ээлери бул сунушту колдосо, эки айдын ичинде компанияны мамлекетке өткөрүү маселеси чечилет. Ал эми турак жайдын курулушун беш айда толук бүтүрүү пландалууда.

Мындан тышкары, курулушту аяктоого керектелген кошумча чыгымдар эсептелип, ар бир үлүш ээсине төлөй турган суммасы аныкталат. Жарандар бул каражатты бир жыл ичинде төлөп бүтүрө алышат.

Үлүш ээлери министрдин сунушун өз ара талкуулап, бир чечимге келерин билдиришти.

Белгилей кетсек, «Солнечный» турак жай комплексин «Бренд Хаус» жана «Эмаком» компаниялары биргелешип курган. Президент Садыр Жапаровдун тапшырмасы менен Курулуш министрлиги курулушу токтоп калган объектилерди бүтүрүү жана үлүш ээлеринин көйгөйлөрүн чечүү иштерин жүргүзүүдө.

4-ноябрь, 2026-ж. / Редакция / Жаңылыктар 66
Бөлүшүү: Telegram WhatsApp X