Орус рублинин долларга карата куну дээрлик 33%га азайды

22-февраль, 2022-ж. / Жаңыл Дүйшөкеева / Дүйнө 30

Бул тууралуу Bloomberg биржа терминалындагы маалыматка таянып чет элдик ММКлар жазып чыгышты. Кечээ, 21-февралда орус валютасы туруксуздугу боюнча 32,6%га жетип, дүйнөдө куну өтө бат түшүп жаткан валюталардын сап башында чыккан. Бир ай мурда рубль кунунун туруксуздугу 20% деп бааланган эле. Эксперттер рубль кунунун тездик менен түшүшүн соңку геосаясий окуялардан улам деп түшүндүрүүдө.

Эске салсак, кечээ , Россия президенти Владимир Путин элге жасаган кайрылуусунда Россия Донецк менен Луганскинин көз карандысыздыгын тааный тургандыгын билдирген жана аймакка аскер күчтөрүн киргизүү тууралуу чечим кабыл алган. Донецк Эл Республикасынын (ДЭР) жана Луганск Эл Республикасынын (ЛЭР) башчылары буга чейин Россия президентине алардын суверендүүлүгүн таанууну суранып кайрылган. ДЭР менен ЛЭР украиналык күч түзүмдөрү тарабынан бир нече ирет аткылоо болгондугун билдиришкен. Украинанын чыгышындагы чатак дээрлик сегиз жылдан бери токтобой келет. БУУнун маалыматы боюнча, бул убакыт аралыгында 13 миң адам курман болуп, 44 миң киши жаракат алган.

22-февраль, 2022-ж. / Жаңыл Дүйшөкеева / Дүйнө 30
Бөлүшүү: Telegram WhatsApp X