Орус рублинин курсу жогорулады

16-март, 2022-ж. / Редакция / Коом 35

Кыргызстандын Улуттук Банкынын маалыматына таянсак, расмий курс боюнча, бир орус рубли – 0,9163 сом болуп, сутка ичинде 12,3054% жогорулады.

Орусиянын рубли Кыргызстандагы коммерциялык банктарда орто эсеп менен 89 тыйындан сатып алынып, 1,04 сомдон сатылууда.

Ал эми 16-мартка карата коммерциялык банктарда доллар 105 сомдон сатып алынып, 106 сомдон сатылууда. Доллардын расмий курсу 105 сом деп белгиленип, сутка ичинде 0,04 пайызга өскөн.

Евронун курсу коммерциялык банктарда жана акча алмаштыруучу жайларда 114,5 сомдон башталып, 118 сомго чейин болууда.

16-март, 2022-ж. / Редакция / Коом 35
Бөлүшүү: Telegram WhatsApp X