Ош бир мандаттуу шайлоо округунан депутатты шайлоо 28-апрелде өтөт

№7 Ош бир мандаттуу шайлоо округу боюнча Жогорку Кеңештин депутатын мөөнөтүнөн мурда шайлоо 28-апрелде өтөт. Тиешелүү жарлыкка Президент Садыр Жапаров кол койду.

Шайлоону уюштуруу жана өткөрүү Борбордук шайлоо комиссиясына жүктөлдү. Министрлер Кабинети каражат бөлүп берет.

Эске салсак, №2 Баткен жана №9 Кара-Суу бир мандаттуу шайлоо округу боюнча парламент депутаттарын мөөнөтүнөн мурда шайлоо да 28-апрелге белгиленген.

Бөлүшүү: Telegram WhatsApp X