Ош мэриясы Ага Хан фонду менен кызматташат
Ош шаарынын биринчи вице-мэри Марс Исаев Ага Хан фондунун Кыргызстандагы дипломатиялык өкүлчүлүгүнүн башчысы Баркат Фазал менен жолугушуу өткөрдү. Бул тууралуу Ош шаардык мэриясынын маалымат кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, жолугушууда тараптар билим берүү, инвестиция, ден соолукту чыңдоо, туризми жаатында эки тараптуу мамилелерди өнүктүрүүнү талкуулашты.
Перспективдүү багыттар боюнча эки тараптуу кызматташтыкты өнүктүрүү боюнча макулдашууга жетишилди.