Ош МПУнун студенти Республикалык сынакта баш байгеге ээ болду

Ош мамлекеттик педагогикалык университетинин Кыргыз-Россия факультетинин 4-курсунун студенти Сабина Абдыразакова Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз Улуттук университетинде өткөн «МЕН МУГАЛИМ БОЛОМ– 2021-2»   Республикалык сынагынын женүүчүсү деп табылып, 1-даражадагы артыкчылык диплом, Ысык-Көлгө эс алууга жолдомо жана баалуу белектер менен сыйланды.

Ошондой эле, аталган жеңүүчү студенттин жетекчиси Ош МПУнун кыргыз тили жана адабияты кафедрасынын окутуучусу Гулбурак Бакирова – студентин мыкты даярдап чыкканы үчүн, уюштуруу тобу тарабынан Туркия өлкөсүнүн Анталия шаарына 8 күндүк эс алууга жолдомо жана алкыш баракча менен сыйланды.

Белгилей кетчү жагдай, болочок агартуучуларга стимул болгон бул сынак — Кыргыз Республикасынын Президентинин “Инсандын руханий-адеп-ахлактык өнүгүүсү жана дене тарбиясы” жөнүндө жарлыгына ылайык жана  Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз Улуттук университетинин 90 жылдык маарекесине карата педагогикалык факультети,  «мугалим» илимий- педагогикалык журналы жана университеттин бириккен профсоюз комитети менен биргеликте педагогикалык багытта адистерди даярдаган өлкөдөгү бардык ЖОЖдордун катышуусунда уюштурулган. Сынакка 40тан ашун студент катышып, финалдык турда 16 студент ат салышты.

Бөлүшүү: Telegram WhatsApp X