Ош-Ноокат жолундагы карьерлердин экологиялык жана техникалык абалы текшерилди

27-январь, 2025-ж. / Редакция / Жаңылыктар 31

Бул тууралуу Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигинен билдиришти. Белгилей кетсек, аталган маселе 21-январда Жогорку Кеңештин Отун энергетикалык комплекс, жер казынасын пайдалануу боюнча комитетинин жыйынында көтөрүлгөн. Анын негизинде Жаратылыш ресурстары министрлигинин Экологиялык жана техникалык көзөмөл кызматынын директору Б. Дж. Джусупбеков Ош шаарынын мэри жана Кара-Суу районунун акиминин биринчи орун басарлары менен биргеликте жеринде Ош-Ноокат жолундагы жер казынасын пайдалануучу карьерлерин көрүп чыкты. Ошондой эле Экологиялык жана техникалык көзөмөл кызматынын Ош регионалдык башкармалыгына, жергиликтүү мекеме ишканалар менен экологиялык жана техникалык мыйзамдардын талаптарынын аткарылышын текшерип, мыйзам чегинде чара көрүү керектигин тапшырды.

27-январь, 2025-ж. / Редакция / Жаңылыктар 31
Бөлүшүү: Telegram WhatsApp X