Ош облусу АКШнын штаты менен байланыш түзүүдө

4-ноябрь, 2026-ж. / Редакция / Жаңылыктар 47

Ош облусу менен АКШнын Монтана штатынын ортосунда боордоштук байланыштарды түзүү демилгеси талкууланды.

Бул маселе 4-ноябрда Ош облусунун башчысы Аманкан Кенжебаев менен АКШнын Кыргызстандагы элчилигинин убактылуу ишенимдүү өкүлү Мэтт Хабиновскинин жолугушуусунда көтөрүлдү.

Тараптар кыргыз-америка кызматташтыгын өнүктүрүү, аймактар аралык байланыштарды чыңдоо жана эки тарапка тең кызык болгон багыттарды талкуулашты.

Жолугушууда Ош облусу менен Монтана штатынын ортосунда боордоштук байланыш түзүү сунушу каралып, буга чейин жөнөтүлгөн расмий каттын көчүрмөсү америкалык тарапка тапшырылды.

Жолугушуунун соңунда тараптар кызматташтыкты мындан ары өнүктүрүүгө кызыкдар экенин билдиришти.

4-ноябрь, 2026-ж. / Редакция / Жаңылыктар 47
Бөлүшүү: Telegram WhatsApp X