Ош шаардык милициянын жетекчилиги ден-соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген балдардан кабар алды
Ош шаардык милициянын жетекчилиги эл аралык балдарды коргоо күнүнө карата белектерин тартуулашты. Бул тууралуу мекеменин маалымат кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, Ош шаардык ички иштер башкармалыгынын начальниги милициянын полковниги Акылбек Мамасейитов жана башкармалыктын начальнигинин орун басары милициянын полковниги Таалайбек Нурбаев 1-июнь балдарды коргоонун эл аралык күнүнө карата мүмкүнчүлүгү чектелген балдардын ден соолугун калыбына келтирүү борборунда болушту. Жетекчилик ал жерде дарыланып жаткан өспүрүмдөрдүн ден соолугунан кабар алып жана борборго материалдык жардам көрсөтүп, белектерди, таттууларды тапшырды.
Мындан сырткары жаш өспүрүмдөргө театрлаштырылган музыкалык оюн зоок уюштурулуп, өспүрүмдөрдүн маанайын көтөрүштү. Ал эми келген коноктор өспүрүмдөрдүн көрсөткөн таланттарына күбөө болушту.
Борбордун тарбиялоочулар менен биргеликте өспүрүмдөрдүн жашоо шарты менен таанышышты жана айрым кемчилдиктерге жакындан жардам көрсөтө тургандыгын айтты.
