«Ош шаары — Жибек Жолунун провайдери» деген макам алды

25-февраль, 2022-ж. / Жаңыл Дүйшөкеева / Аймак 52

Муну менен бирге алгачкылардан болуп Ош шаарынын бренди, стратегиясы да түзүлдү. Ош шаарына мындай макамды БУУнун UNWTO уюму ыйгарган. Бул статус өлкөнүн бир дагы шаарында жок болчу. Макамды алган шаарларда өзгөчө туризм багыты жакшыра баштайт. Бул тууралуу Бренддөө, туризм боюнча серепчи Максат Чаки билдирди. Анын айтымында, алдыда Чаткал районунун брендин түзүү пландалууда.

» Район, шаар, атургай айылдарды бренддөө максатыбыз бар. Алгачкылардан болуп Ош шаарын бренддөө колго алынып, жасалып чыкты. Шаардын бренд стратегиясы иштелип чыгып, эл аралык баага татый алды. Тактап айта турган болсок, БУУнун UNWTO уюму «Ош шаары — Жибек Жолунун провайдери» деген статус берди. Мындай статус өлкөнүн бир дагы шаарында жок болчу. Учурда райондордун брендин түзүү боюнча тапшырыктар түшө баштады», — деди Максат Чаки.

25-февраль, 2022-ж. / Жаңыл Дүйшөкеева / Аймак 52
Бөлүшүү: Telegram WhatsApp X