Ош шаарында окуучуларга жол кыймылынын эрежелерин түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү
Бүгүн, 31-марттан баштап милициянын кайгуул кызматы жол боюнда жайгашкан мектептерде окуган окуучулардын коопсуздугунун камын көрүп, өз ишин баштады.
Анын негизде калаанын жер-жерлерде автоунаа каттамы көп болгон чоң жолдорго жакын жердеги мектептердин окуучуларына жол чырактан өтүү жана жөө өтмөктөрдөн өтүү эрежелери жөнүндө атайын түшүндүрүү иштен өткөрүп жатат.
Аталган иш-чаранын негизги максаты жол унаа кырсыктарын алдын алуу жана болтурбоо болуп эсептелет. Мындай түшүндүрүү иштери шаар аймагындагы бардык мектептерде өткөрүлмөкчү.
Окуучулардын саламаттыгы, коопсуздугу биз үчүн маанилүү!

Ош ШИИБы МККБ басма сөз кызматы