Ош V Элдик Курултайга 125 делегат жөнөтөт
Ош облусунан 125 делегат 18-декабрда өтө турган V Элдик Курултайга катышат. Алардын жалпы жыйыны бүгүн Ош шаарында өтүп, анда Курултайга даярдык маселелери талкууланды.
Жыйынды президенттин Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Аманкан Кенжебаев ачып, делегаттарды шайланышы менен куттуктады. Ал делегаттарга эл менен бийликтин ортосундагы байланышты камсыз кылуу чоң жоопкерчилик жүктөлөрүн белгиледи.
Жыйынга Ош облусунун райондорунан шайланган 130 делегаттын 125и катышты. Кворум бар деп табылды. Ошондой эле Президенттин Администрациясынын өкүлдөрү жана V Элдик Курултайдын уюштуруу комитетинин мүчөлөрү катышты.
Күн тартибинде ыйгарым укуктуу өкүлдүн жыл ичинде аткарган иши тууралуу маалыматы, Улуттук Кеңештин жана эсептөө комиссиясынын курамын түзүү, ошондой эле жарыш сөзгө чыга турган делегаттарды аныктоо маселелери каралды.
Жыйындын жүрүшүндө Улуттук Кеңештин мүчөлөрү ар бир райондон калктын санына жараша шайланганы белгиленди. Делегаттар ошондой эле Улуттук Кеңешке жана эсептөө комиссиясына талапкерлерди сунушташты.