Ошто 18 млн сомдук алтынды мыйзамсыз алып бара жаткан өзбек жарандары кармалды

22-март, 2022-ж. / Редакция / Кылмыш 54

Оштон Бишкекке аткезчилик жол менен зер буюмдарды ташып бара жаткан өзбек жарандары кармалды. Бул тууралуу Ош облустук милициядан билдиришти.

19-мартта Ош милициясы менен «Түштүк» бажы кызматынын өкүлдөрү Өзбекстандын төрт жаранын колго түшүргөн.

Маалыматка ылайык, алар өлкөдөн алып чыгып бараткан зер буюмдар 18 миллион сомго бааланган. Мыйзам ылайык, 2 миллион сомдон жогору бааланган зер буюмдар бажы декларациясынан өткөрүлүшү керек.

“Өзбек жарандары баалуу зер буюмдардын баарын өздөрү тагынып алышкан. Алар бири-бири менен жакын туугандар болуп чыкты. Кылмышка шектүүлөр Өзбекстандан «Достук» өткөрүү пункту аркылуу кирип, Оштон Бишкекке учуп кетүүнү көздөп жатышкан», — деди айтылат маалыматта.

Бул факты боюнча Ош милициясынын электрондук журналына катталып, жерине ыкчам-иликтөө тобу жиберилген.

22-март, 2022-ж. / Редакция / Кылмыш 54
Бөлүшүү: Telegram WhatsApp X