Ошто 280 орундуу жаңы бала бакча ачылды

12-февраль, 2026-ж. / Редакция / Аймак 52

Ош шаарында 280 орундуу заманбап балдар бакчасы пайдаланууга берилди. Ачылыш аземине шаар мэри Жеңишбек Токторбаев, шаардык кеңештин төрагасы Болотбек Баетов жана жергиликтүү тургундар катышты.

Мэриянын маалыматына ылайык, Көкүм-Бий балдар бакчасы бардык талаптарга жооп берген шарттар менен камсыздалды. Имараттын фасады сырдалып, ички жасалгалоо иштери жүргүзүлдү, балдар үчүн жаңы оюн аянтчалары курулду.

Эске салсак, аталган имарат 1998-жылы мыйзамсыз менчикке өтүп кеткен. Учурда ал кайрадан мамлекеттин карамагына өткөрүлүп, пайдаланылууда.

12-февраль, 2026-ж. / Редакция / Аймак 52
Бөлүшүү: Telegram WhatsApp X