Ошто 6 млн сомду мыйзамсыз ыйгаруу фактысы боюнча кылмыш иши козголду

19-ноябрь, 2026-ж. / Редакция / Жаңылыктар 44

Ош облусунун прокуратурасы тарабынан жүргүзүлгөн текшерүүдө Ош облустук соттук-медициналык эксперттөө борборунда 6 млн 43 миң 812 сом бюджеттик каражат мыйзамсыз ыйгарылып алынганы аныкталды.

Прокуратуранын маалыматына ылайык, мыйзам бузуу фактылары 2025–2026-жылдар аралыгында орун алган.

Тактап айтканда, мекеменин ар кандай чыгымдарын жабууга бөлүнгөн каражаттар кызмат көрсөтүлгөн деген негизде жеке адамдардын банктык эсептерине которулган. Кийинчерээк бул акчалар борбордун жооптуу кызматкерлеринин жеке эсептерине кайра которулуп турган.

Мындан тышкары, ар кандай компенсациялык төлөмдөр да мыйзамсыз чегерилгени аныкталган.

Аталган фактылар боюнча Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 337-беренеси (кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу) жана 210-беренеси (ишенип берилген мүлктү ыйгарып алуу же коротуу) менен кылмыш иши козголду.

Учурда тергөө амалдары жүргүзүлүүдө.

19-ноябрь, 2026-ж. / Редакция / Жаңылыктар 44
Бөлүшүү: Telegram WhatsApp X