Ошто абанын сапатын жакшыртуу боюнча иштер талкууланды
Ош шаарында атмосфералык абанын сапатын жакшыртуу жана абанын булганышын азайтуу боюнча ведомстволор аралык жумушчу топтун кезектеги жыйыны өттү.
Жыйынга шаар мэринин орун басары Эрнис Толтоев жетекчилик кылып, мамлекеттик органдардын жана муниципалдык кызматтардын өкүлдөрү катышты.
Отурумда Министрлер Кабинетинин тескемелеринин негизинде абанын булганышын азайтуу багытында жүргүзүлүп жаткан иштер жана «Абанын сапатын жакшыртуу боюнча иш-аракеттер планынын» аткарылышы каралды.
Эрнис Толтоев абанын тазалыгы калктын ден соолугу үчүн маанилүү экенин белгилеп, экологиялык маселелерди чечүүдө бардык жооптуу мекемелердин биргелешкен иш алып баруусу зарылдыгын айтты.
Жыйындын жүрүшүндө абанын сапатын жакшыртуу боюнча бир катар багыттарда иштерди күчөтүү тапшырылды. Атап айтканда, өнөр жай жана энергетика тармагында экологиялык талаптарды сактоо, коомдук транспортту экологиялык таза унааларга өткөрүү, мыйзамсыз таштандылардын алдын алуу, шаарды жашылдандыруу, калктын экологиялык маданиятын жогорулатуу жана абанын абалын көзөмөлдөө иштерин күчөтүү белгиленди.
Жыйынтыгында тиешелүү мекемелерге бекитилген иш-пландардын алкагындагы тапшырмаларды өз мөөнөтүндө жана сапаттуу аткаруу милдеттендирилди.