Ошто эки студентти сабаган деп шектелген үч студент кармалды
Ош шаарында Ош мамлекеттик педагогикалык университетинин эки студентинин сабалышы боюнча ОшТУга караштуу колледждин үч студенти кармалды. Бул тууралуу Ош шаардык ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, 27-октябрда шектүүлөр университеттин спорт аянтчасына жакын жерде биринчи курста окуган эки студентти сабашкан. Окуянын видеосу 28-октябрда социалдык тармактарга тараган.
Милиция кызматкерлери окуянын жагдайларын тактап, 2010-жылы туулган Н.Э., А.Д. жана 2011-жылы туулган А.А. аттуу студенттерди кармашкан. Алар Ош шаардык ички иштер башкармалыгынын Ак-Буура милиция бөлүмүнүн тергөө кызматына жеткирилген.
Учурда окуя боюнча тергөө иштери жүрүп, жабырлануучулардын алган жаракаттарын аныктоо үчүн соттук-медициналык экспертиза дайындалды.
Милиция бул окуядан жабыркагандар болсо, Ак-Буура милиция бөлүмүнө кайрылууну өтүндү