Ошто эл менен бийликтин ачык диалогу уланууда

11-ноябрь, 2026-ж. / Редакция / Коом 77

Ош шаарынын мэри Жанарбек Акаев Курманжан датка муниципалдык аймактык башкармалыгынын тургундары менен жолугушуп, алардын көйгөйлөрүн укту.

Жолугушууда жергиликтүү тургундар коомдук тартипти сактоо, мыйзамсыз лотокторду куруу, соттук жана жер маселелери, коммуналдык кызматтардын иши боюнча суроолорун беришти.

Ошондой эле ички жолдорду асфальттоо, жол тыгындарын азайтуу, ипотекалык турак жай менен камсыздоо, саркынды сууларды чыгаруу системасын жакшыртуу маселелери көтөрүлдү.

Мындан тышкары, айрым үйлөрдүн жер төлөлөрүн оңдоо, эскирген суу түтүктөрүн алмаштыруу, бала бакчанын имаратын бошотуу жана социалдык колдоо көрсөтүү боюнча кайрылуулар айтылды.

Мэр ар бир тургундун кайрылуусун угуп, көтөрүлгөн көйгөйлөрдүн айрымдары менен жеринен таанышарын билдирди. Ошондой эле кийинки жылы кичи райондорду өнүктүрүүгө өзгөчө көңүл буруларын белгиледи.

Жолугушуунун жыйынтыгында шаар башчысы тиешелүү кызматтардын жетекчилерине айтылган маселелерди чечүү боюнча тапшырмаларды берип, алардын аткарылышын көзөмөлдөөнү милдеттендирди.

Белгилей кетсек, мэрдин шаар тургундары менен ачык форматтагы жолугушуулары 13-ноябрга чейин уланат.

11-ноябрь, 2026-ж. / Редакция / Коом 77
Бөлүшүү: Telegram WhatsApp X