Ошто каналга түшүп кеткен унаа чыгарылды

22-июнь, 2022-ж. / Редакция / Кырсык 41

Ошто сууга түшүп кеткен унаа чыгарылды. Бул тууралуу КМдин басма сз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, 21-июнда саат 15:05те КРнын ӨКМнин Ош шаары боюнча башкармалыгынын Куткаруу кызматынын байланыш номерине Hyundai Porter үлгүсүндөгү унааны суудан чыгарууга жардам сурап кайрылышкан.

Белгилүү болгондой, Ош облустар аралык клиникалык ооруканасынын жанындагы автоунаа токтотуучу жайда турган жеринен, жанынан агып өткөн Увам каналына Hyundai Porter үлгүсүндөгү автоунаа сууга түшүп кеткен.

Жерине саат 15:17де Ош шаардык куткаруу кызматынан турган 4 куткаруучунун жардамы менен унаа чыгарылган.

22-июнь, 2022-ж. / Редакция / Кырсык 41
Бөлүшүү: Telegram WhatsApp X