Ошто коомдук коопсуздук маселеси талкууланды

20-ноябрь, 2026-ж. / Редакция / Аймак 48

Бүгүн, 20-ноябрда, Ош шаарында укук бузуулардын алдын алуу, экстремисттик идеологиянын жайылышына бөгөт коюу жана коомдук коопсуздукту бекемдөө маселелерине арналган тегерек стол өттү.

Жыйынды Жогорку Кеңештин тиешелүү комитетинин төрагасы Сүйүнбек Омурзаков жетектеди.

Иш-чарага Ош облусунун жана шаарынын жетекчилери, Жогорку Кеңештин депутаттары, укук коргоо органдарынын өкүлдөрү жана жергиликтүү бийлик жетекчилери катышты.Возможно, это изображение динамик, отдел новостей, помост и текст

Жыйында УКМКнын, ички иштер органдарынын жана прокуратуранын жетекчилери аткарылып жаткан иштер боюнча маалымат беришти.

Катышуучулар мыйзамдардын аткарылышын, укук бузуулардын алдын алуу чараларын талкуулап, тиешелүү сунуштарын айтышты.

Жыйынтыгында коомдук коопсуздукту бекемдөө жана мамлекеттик органдардын өз ара кызматташуусун күчөтүү зарылдыгы белгиленди.

20-ноябрь, 2026-ж. / Редакция / Аймак 48
Бөлүшүү: Telegram WhatsApp X