Ошто мэр менен жолугушуулар башталат: График жарыяланды
Ош шаарынын мэри Жанарбек Акаев 11–13-ноябрь күндөрү шаар тургундары менен жеринде жолугушуп, алардын көйгөйлөрүн жана сунуштарын угат.
Муниципалдык жана айылдык аймактык башкармалыктарда өтө турган жолугушууларда тургундар өздөрүн түйшөлткөн маселелерди түздөн-түз мэрге жеткире алышат.
Жолугушуулардын графиги:
11-ноябрь:
- 09:00 — Манас-Ата (ОшМУнун тарых факультетинин актылар залы);
- 12:00 — Жибек-Жолу (№1 Федченко атындагы мектеп);
- 15:00 — Курманжан-Датка (№18 А. Навои атындагы мектеп).
12-ноябрь:
- 09:00 — Сулайман-Тоо (№3 М. Ломоносов атындагы мектеп);
- 12:00 — Кызыл-Кыштак (айылдык аймактык башкармалыктын жыйындар залы);
- 15:00 — Керме-Тоо (№42 мектеп).
13-ноябрь:
- 09:00 — Алымбек-Датка (№16 мектеп);
- 12:00 — Төлөйкөн (№21 М. Пушкин атындагы мектеп);
- 15:00 — Жапалак (Маданият үйү).
Шаар бийлиги тургундарды жолугушууларга активдүү катышып, көйгөйлөрүн жана сунуштарын түз билдирүүгө чакырат.