Ошто милициянын эки кызматкери баңгизат сатууга шектелип кармалды
Ош шаардык милициясынын эки кызматкери баңгизат сатууга шектелип кармалды. Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматы билдирет.
Буга чейин УКМК тарабынан КР Кылмыш-жаза кодексинин 282-беренесине («Баңги каражаттарын, психотроптук заттарды жана алардын аналогдорун сатуу максатында мыйзамсыз даярдоо») ылайык сотко чейинки өндүрүш ачылган. Анын алкагында, шектүү катары милициянын эки кызматкери кармалды.
«2-апрелге караган түнү саат 03:15тер чамасында 894 грамм өзгөчө жыты бар баңгизатты сатууга камынып жаткан жеринен милициянын 40 жаштагы подполковниги А.К. жана 24 жаштагы старшина Т.у.А. кармалды. А.К. Ош шаардык милициясынын уюшкан кылмыштуулук менен күрөшүү бөлүмүн жетектесе, старшина Ош ОИИБнин 4-взводунун кенже инспектору кызматын аркалайт», — деп айтылат маалыматта.
