Ошто Төлөгөн Касымбековдун 95 жылдыгына арналган республикалык айтыш өтөт

26-сентябрь, 2026-ж. / Редакция / Маданият 145

Ош шаарынын күнүнө жана Кыргыз Республикасынын Баатыры, залкар жазуучу Төлөгөн Касымбековдун 95 жылдыгына карата төкмө акындардын республикалык айтышы өтөт.

Тандоо туру 1-октябрда саат 10:00дө Кыргыз улуттук «Манас» театрында өтөт. Катышуучуларды каттоо саат 09:00дөн 10:00гө чейин жүргүзүлөт. Ал эми түштүк аймагындагы төкмө акындар үчүн тандоо туру 3-октябрда саат 10:00дө Ош шаарында уюштурулат.

Тандоонун жыйынтыгында эң жогорку упай алган 12 акын финалга жолдомо алат. Финалдык айтыш 3-октябрда саат 17:00дө Бабур атындагы Ош мамлекеттик музыкалык драма театрында өтөт.

Айтыш упайлык негизде өткөрүлүп, акындардын жуптары чүчүкулак аркылуу аныкталат. Калыстар төкмөлүк чеберчиликке, сөз байлыгына, теманы ачып берүү жөндөмүнө, үнгө, комуз чертүү деңгээлине жана сахна маданиятына баа берет.

Айтыштын байге фонду 1 млн сомду түзөт.Возможно, это изображение текст

Иш-чаранын негизги максаты — Ош шаарынын тарыхын жана маданий мурасын даңазалоо, улуттук баалуулуктарды жайылтуу жана төкмөлүк өнөрдү өнүктүрүү.

Айтышты Ош шаарынын мэриясы, Маданият, маалымат жана жаштар саясаты министрлиги, Кыргыз улуттук «Манас» театры жана «Айтыш» коомдук фонду уюштурууда.

26-сентябрь, 2026-ж. / Редакция / Маданият 145
Бөлүшүү: Telegram WhatsApp X