Ошто туризмди даңазалаган фестиваль старт алды
“Салам Ош — 2026” VII Эл аралык
туристтик фестивалы расмий түрдө башталды: Конокторду салтанаттуу тосуп алуу жана улуттук маданиятты даңазалоо.

Бүгүн, 21-май күнү Кара-Суу районунун Беш-Мерген жайлоосунда «Салам Ош — 2026” VII Эл аралык туристтик фестивалы салтанаттуу ачылышын белгилеп, белгилүү конокторду жана делегацияларды майрамдык маанайда тосуп алды.

Иш-чаранын башталышында, Президенттин Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Аманкан Кенжебаев келген конокторду, анын ичинде Өзбекстандан атайын чакырылган конокторду жана Тажикстандын делегациясын салтанаттуу тосуп алып, атайын жасалган кооз аркадан өткөрдү. Бул меймандостук кыргыз элинин салттуу жылуулугун жана урмат-сыйын көрсөттү.

Майрамдык саламдашуу сөздөрү эки акын тарабынан айтылып, конокторду терең сезимдерге бөлөдү. Алардын көркөм сөздөрү фестивалдын маанайын ого бетер көтөрдү.
Фестивалдын эң кызыктуу бөлүктөрүнүн бири — кыргыз элинин байыркы аңчылык маданиятын чагылдырган «Салбуурун» программасы болду. Мында куш салуу, тайган жарыш, жаа атуу сыяктуу улуттук өнөрлөр көрүүчүлөргө тартууланып, кыргыз элинин аңчылык салтын, баатырдыгын жана чеберчилигин даңазалады.

«Салам Ош — 2026” VII Эл аралык туристтик фестивалына Жогорку Кеңештин депутаттары, Ош шаарынын мэри жана башка бир катар белгилүү инсандар катышууда.

«Салам Ош — 2026» фестивалы — бул ар түрдүү маданияттардын жолугушуусу, достук жана ынтымакты бекемдөө, ошондой эле Ош облусунун кооз жерлерин дүйнөгө таанытуу, маданий мурастарын дүйнөгө жайылтуу үчүн эң сонун аянтча болуп берет.