Ошто үч үйдүн короосу жаңыланып, жашоочуларга жаңы эс алуу жайы тартууланды

27-июль, 2026-ж. / Редакция / Жаңылыктар 110

Ош шаарындагы Түштүк-Чыгыш кичи районунда жайгашкан үч көп кабаттуу үйдүн короосу заманбап талаптарга ылайык жаңыланды.

Абакир уулу Төрөбек көчөсүндөгү №33, №35 жана №37 үйлөрдүн аймагында балдар үчүн жаңы аянтча салынып, спорт менен машыгууга шарттар түзүлдү.

Ошондой эле короого футбол жана баскетбол аянтчалары курулуп, жөө адамдар үчүн жолдор иретке келтирилди. Аймактын коопсуздугун камсыздоо үчүн түнкү жарыктандыруу системасы орнотулду.

Жаңыланган короонун ачылышына Ош шаарынын мэри Жанарбек Акаев катышып, шаар тургундары үчүн ыңгайлуу шарттарды түзүү боюнча иштер улантыларын белгиледи.

Эми бул аймак балдардын эс алуусу, жаштардын спорт менен машыгуусу жана тургундардын бош убактысын өткөрүүсү үчүн жаңы мейкиндикке айланды.

Бөлүшүү: Telegram WhatsApp X