Ошто вируссуз көчөттөр өстүрүлөт
Кыргыз Республикасынын Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинде Түркия Республикасынын өкүлдөрү менен жолугушуу болуп өттү. Анда Ош облусунда мөмө-жемиш өсүмдүктөрүнүн көчөттөрүн өстүрүүчү заманбап in vitro лабораториясын куруу маселеси талкууланды.
Жолугушууда тараптар багбанчылык тармагын өнүктүрүү, сапаттуу жана вируссуз көчөттөрдү өндүрүү, ошондой эле көчөт өстүрүүдө заманбап биотехнологияларды колдонуу багыттары боюнча пикир алмашышты. Мындан тышкары, долбоорду ишке ашыруунун уюштуруучулук жана практикалык маселелери каралды.
Сүйлөшүүлөрдүн жыйынтыгында 2027-жылдан тартып in vitro технологиясынын негизинде вируссуз жана сапаттуу мөмө-жемиш көчөттөрүн өндүрүүнү уюштуруу боюнча макулдашууга жетишилди.
Аталган долбоорду ишке ашыруу өлкөдө мөмө-жемиш көчөттөрүн өндүрүүнүн көлөмүн көбөйтүүгө, дыйкандарды сапаттуу көчөттөр менен камсыздоону жакшыртууга жана Кыргызстанда багбанчылык тармагын мындан ары өнүктүрүүгө өбөлгө түзөт.