Ошто Жаңы-Маала конушунун тургундарын документтештирүү иштери уланууда

28-октябрь, 2026-ж. / Редакция / Аймак 81

Ош шаарынын мэриясында Жаңы-Маала конушунун тургундарын документтештирүү жана алардын документ алуудагы көйгөйлөрүн чечүү жолдору каралды.

Жолугушууга тиешелүү мамлекеттик органдардын, жергиликтүү бийликтин жана жарандык коомдун өкүлдөрү катышты.

Белгилей кетсек, Жаңы-Маала конушу 2024-жылдын март айында административдик-аймактык реформанын алкагында Кара-Суу районунан Ош шаарынын карамагына өткөрүлгөн.

2026-жылдын 11–31-август күндөрү конуштун 11 көчөсүндө үймө-үй кыдыруу жүргүзүлүп, инсандыгын ырастоочу документтери жок жарандарды, анын ичинде жашы жете элек балдарды аныктоо максатында кожолуктардын жана жашоочулардын саны такталган.Возможно, это изображение текст

Жолугушууда мониторингдин жыйынтыктары, тургундардын укуктук абалы жана документтерди тариздөө маселелери талкууланды. Учурда конуштун тургундарын документтештирүү боюнча тиешелүү иштер улантылууда.

28-октябрь, 2026-ж. / Редакция / Аймак 81
Бөлүшүү: Telegram WhatsApp X