Ошто жаңы транспорттук түйүн курулууда
17-ноябрда Ош шаарынын мэри Жанарбек Акаев шаардагы транспорттук түйүндүн курулуш иштеринин жүрүшүн көрдү.
Учурда объектте балкаларды орнотуу иштери жүрүп, курулуш күнү-түнү жүргүзүлүүдө.
Долбоорго ылайык, транспорттук түйүн, төрт пандус, сегиз тепкич жана жер алдындагы жөө жүргүнчүлөр өтмөгү курулат. Ошондой эле унаалардын кыймылын жеңилдетүү үчүн айланма жолдор каралган.
Жалпы аянты 6 603 чарчы метрди түзгөн долбоор жол тыгындарын азайтууга жана жөө жүргүнчүлөрдүн коопсуздугун камсыздоого багытталган.