Ошто жасалма өткөрмө кагаз берген эки аскер кызматкери кармалды
Ош гарнизонунун аскер прокуратурасы УКМКнын Чек ара кызматы менен биргеликте «Эркеч-Там» чек ара аймагына кирүү үчүн жасалма өткөрмө кагаздарын даярдоо жана берүү фактысын аныктады.
Текшерүүнүн жүрүшүндө Чек ара кызматынын аскер бөлүктөрүнүн бириндеги айрым кызматкерлер жарандардан 1 миң сомдон 4 миң сомго чейин акча алып, системалуу түрдө жасалма өткөрмө кагаздарын даярдап берип келгени белгилүү болгон.
Бул факты боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 209-беренеси (алдамчылык) жана 379-беренеси (документтерди жасалмалоо) менен кылмыш иши козголду.
Тергөө иштеринин алкагында эки аскер кызматкери кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилди.
Учурда окуяга тиешеси бар башка кызмат адамдарын аныктоо боюнча тергөө амалдары уланууда.