Ошто жаш сүрөтчүлөрдүн «Арт синтез» көргөзмөсү өтөт
2026-жылдын 25-ноябрында Ош шаарындагы Т. Садыков атындагы Ош облустук көркөм сүрөт музейинде жаш сүрөтчүлөрдүн «Арт синтез» аттуу көргөзмөсү ачылат.
Иш-чара түштүк аймагындагы сүрөтчүлөрдүн чыгармачылыгынын өнүгүү тарыхын чагылдырууга, жаш таланттардын чыгармачылык изденүүлөрүн жана заманбап искусстводогу жаңы багыттарын коомчулукка таанытууга багытталган.
Көргөзмөнүн экспозициясынан жаш сүрөтчүлөрдүн живопись, графика, скульптура, инсталляция жана декоративдик-колдонмо искусство багыттарындагы эмгектери орун алат. Келүүчүлөр заманбап искусствонун ар түрдүү формалары жана жаш муундун чыгармачылык дүйнөсү менен таанышууга мүмкүнчүлүк алышат.
Көргөзмөнүн ачылыш аземи 25-ноябрда саат 15:00дө башталат.