Ошто жазгы үч айлыктын алкагында кезектеги штабдык жыйын өттү

22-май, 2026-ж. / Редакция / Жаңылыктар 165

Бүгүн Ош шаарында жарыяланган жазгы үч айлыктын алкагында кезектеги штабдык жыйын өткөрүлдү. Жыйынды Ош шаарынын мэринин орун басары Эрнис Толтоев алып барды.

Жыйындын жүрүшүндө буга чейин өткөрүлгөн ишембиликтердин алкагында аткарылган иштер боюнча тиешелүү мекеме-ишканалардын жетекчилеринин маалыматтары угулду. Анда шаар аймагындагы тазалыкты сактоо, көрктөндүрүү жана жашылдандыруу иштеринин жүрүшү талкууланды.Возможно, это изображение стол

Мындан тышкары, 22-май күнү өтө турган жалпы республикалык ишембиликти уюшкандыкта өткөрүү маселеси каралып, шаардагы бардык мекеме-ишканалар менчигинин түрүнө жана аймактык баш ийүүсүнө карабастан активдүү катышуусу зарыл экени белгиленди. Жооптуу жетекчилерге бир катар конкреттүү тапшырмалар берилди.

Ошондой эле жазгы үч айлыктын алкагында шаар аймагындагы жашыл аймактарды көбөйтүү, бак-дарактардын жана ар түрдүү гүл көчөттөрүн отургузуу иштерин улантуу тапшырмасы коюлду.

Бөлүшүү: Telegram WhatsApp X