Оскар сыйлыгын тапшыруу аземинде менюга кургатылган өрүк кошулган

1-апрель, 2022-ж. / Редакция / Коом 61

27-мартта Лос-Анжелесте «Оскар» сыйлыгынын 94-аземи болуп өттү.

Ага дүйнөгө белгилүү кино жылдыздар жана продюсерлер катышты. Бул салтанаттуу аземдин урматына даярдалган кечеде Түрк тамактары да меню тизмесине кошулган. 1995-жылдан бери «Оскар» кечесине тамак-аш даярдап келе жаткан атактуу ашпозчу Вольфганг Пак өзүнүн менюсуна бул жылы Кара-Деңиз токочторун жана каймак менен толтуруп кургатылган өрүктү киргизген.

Америкалык кино академиясынын сыйлыгы, адатта «Оскар» деп аталып, бул сыйлык тапшыруу аземи дүйнөдөгү эң абройлуу салтанаттардын бири болуп саналат. Быйылкы жылы аталган сыйлык 94-ирет тапшырылды. Дүйнөдөгү эң таанымал актерлор, артисттер жана продюсерлер катышкан салтанаттан кийинки кечеде түрк тамактары аларды таң калтырган.

Дүйнөгө атагы чыккан ашпозчу Вольфганг Пак “Оскар” аземине 1995-жылдан бери даамдуу тамактарын даярдап келет, ал эми быйылкы майрамдык дасторконго Кара-Деңиз токочторун (Карадениз пидеси) жана каймак менен толтуруп кургатылган өрүктү да кошту. Бул эки тамакты кинематогрофия тармагынын эң белгилүү өкүлдөрү даамдап көрүп абдан жактырышты.

 

https://www.youtube.com/watch?v=YX9nWKWHb-8

 

1-апрель, 2022-ж. / Редакция / Коом 61
Бөлүшүү: Telegram WhatsApp X